Адылбек Касымалиев мамлекеттик фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушун баштоого мезгил кутусун салды
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушун баштоого мезгил кутусун салуу аземине катышты. 

Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун бекемдей турган жаңы мамлекеттик системанын пайдубалы түптөлүп жатканын айтып, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан элди сапаттуу, коопсуз жана жеткиликтүү дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу тууралуу так талап коюп келгенин билдирди.