Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Сүлүктү шаарындагы 2056 аскер бөлүгүндө чек ара окуяларында курман болгон мекен коргоочуларды эскерүү иш-чарасына катышты.
Эскерүү иш-чарасына Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров, чек арада кызмат өтөп жатып курман болгон жоокерлердин жакындары, аскер кызматкерлери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.
Облус башчысы курман болгон жоокерлердин эрдиги, мекенчилдиги жана өзгөчө оор кырдаалда көрсөткөн кайратмандыгы тууралуу сөз болуп, алардын эл-жерди коргоодогу баатырдыгы кийинки муундар үчүн өрнөк экенин белгиледи.
Иш-чарада курман болгон мекен коргоочулардын арбагына багышталып Куран окулду. Алардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтылып, мекен үчүн жанын курман кылган жоокерлердин элеси эч качан унутулбай турганы белгиленди.





