Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, “Борбордук Азия – Корея Республикасы” биринчи саммитинин алкагында Сеул шаарында өткөн бизнес-саммиттин атайын сессиясына катышты.
Бизнес-саммиттин темасы “Өсүш жана инновациялар үчүн Корея Республикасы менен Борбордук Азия кызматташтыгынын келечеги” деп аталды. Иш-чара экономикалык өнөктөштүктү чыңдоо, соода-инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана өлкөлөр ортосунда жаңы ишкердик байланыштарды түзүү үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
Мамлекет башчысы бул иш-чараны өлкөлөр ортосундагы мамилелердин иш жүзүндөгү жаңы барагынын ачылышы катары баалады.




