Кыргыз Республикасынын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргызстандын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. 

Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Токтомдун максаты, ата мекендик курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдү коргоо, ички рынокту турукташтыруу, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр тарабынан импорттук атаандаштык шарттарында Кыргыз Республикасынын экономикалык (улуттук) коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Убактылуу тыюу салуунун мөөнөтү алты ай.  ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алып келүүгө бул тыюу жайылтылбайт.

Курулуш материалдарынын тизмесинде жеңилдетилген бетондон жасалган курулуш блоктору жана кыштар, цементтен, бетондон же жасалма таштан жасалган курулуш блоктору жана кыштар, плиткалар, керамикалык плиткалардын айрым түрлөрү, айнек, электр кабелдери жана зымдар бар.