Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сары-Жаз дарыясынын нугуна курулган эки көпүрө расмий пайдаланууга берилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Салтанаттуу иш-чарага Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышты.
Стратегиялык маанидеги «Зайнулин» жана «Ак-Үңкүр» көпүрөлөрү метал конструкциядан курулуп, башкысы анын сапатына өзгөчө маани берилген. Көпүрө 180 миң гектардан ашык жайытты натыйжалуу пайдаланууга, алыскы жайыттарга жетүүнү жеңилдетип, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана аймактагы транспорттук катамдардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Курулуш иши 2025-жылы жылы башталып, Зайнулин көпүрөсүнүн узундугу 76 м ал эми Ак-Үңкүр көпүрөсүнүн узундугу 143 м түзөт.
Белгилей кетсек, Сары-Жаз дарыясынын нугуна дагы 32 жана 12 метрлик эки көпүрөнүн курулушун жүргүзүп, октябрь айында пайдаланууга берүү мерчемделген.