2026-2027-окуу жылынын башталышы менен Бишкек шаарында унаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирүү таратты.
Анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришкени тууралуу айтылат.
"Жол тескөөчүлөр негизги жолдордо, мектептердин жана билим берүү мекемелеринин айланасында жол кыймылын жөнгө салышат. Айдоочуларды жол эрежелерин сактап, тыгын учурунда сабырдуу болууга жана жол тескөөчүлөрдүн талаптарын аткарууга чакырабыз", - деп билдирди Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы.