Бишкек ЖЭБинде жылуулук берүү мезгилине даярдык иштери уланууда
Новость

"Бишкек ЖЭБ" муниципалдык ишканасы 2026–2027-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине карата жабдууларды жана өндүрүштүк инфраструктураны даярдоо иштерин улантууда.

Бекитилген графикке ылайык, казан жана турбиналык жабдууларды оңдоо, электр-техникалык жабдууларды техникалык тейлөөдөн өткөрүү жана отун чарбасын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда оңдоо иштеринин 80 пайызы аткарылды. Негизги көңүл ЖЭБдин жылуулук берүү мезгилинде ишенимдүү, коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга бурулууда.