Артур Огобаев менен Азирет Токтосунов бильярд боюнча Европа чемпионатында коло байгеге ээ болушту
Новость

2026-жылдын 11–16-сентябрь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында 18 жашка чейинки спортчулар арасында бильярд боюнча Европа чемпионаты өттү. Кыргызстандын курама командасынын курамында мелдешке Бишкек шаарындагы "Жеңиш" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары Артур Огобаев, Азирет Токтосунов жана Болот Эсенбеков ат салышты. Чемпионаттын жыйынтыгында Артур Огобаев менен Азирет Токтосунов коло медаль тагынышты. Бул тууралуу Бишкек мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

17-сентябрда спортчуларды аэропорттон тосуп алып, спорт мектебинин өкүлдөрү спортчуларды ийгиликтүү чыгышы менен куттуктап, жетишкен жыйынтыктын маанилүүлүгүн белгилешти.