Бүгүн, 17-сентябрда Нарын шаары түзүлгөнүнө 158 жыл толду. Нарын шаары- Нарын облусунун жана Нарын районунун административдик борбору. Шаар 1865-жылы аскердик чеп катары, Кашгарга кеткен жолдо жайгашкан айылдан пайда болгон.
Тарыхый маалыматтар боюнча Нарын шаары Токмок, Бишкек жана Каракол шаарлары менен бир мезгилде, Жети-Суудан Кашкарга кетүүчү соода жолундагы Кокондуктардын чеби катары XIX кылымдын 30-жылдарында негизделген. 1863-жылы чепти орус аскерлери басып алган. Кийин ал кайрадан Кокондуктарга өтүп, чеп 1868-жылы гана биротоло бошотулуп, ал жерге 100 казак-орус аскерлеринин кошуунунан турган гарнизон жайгаштырылып, казарма курулуп, ушул учурдан шаардын курулушу башталат. Тарыхый Жибек жолунун салты уланып, Нарын дарыясына 1968-жылы көпүрө салынгандан баштап, батыш менен чыгышты байланыштырган тогуз жолдун тоому болуп калган. Айыл жай өсүп, 1903-жылы анда 875 адам жашаган. Бул айыл Кашкар тарапка товар жөнөтүүгө ыңгайлуу пункт катары милдетти аткарган.
Нарын шаарынын негизделишине теңиртоолук черик уруусунан чыккан Турдуке баатыр, Хан Карымшак башында турган кыргыздар 1863-жылы апрель айында Орусияга кошула тургандыгын билдирип, генерал-губернаторлор А.Г.Колпаковский менен А.Дюмагелге кат жолдогон. Алгачкы Нарын шаары азыркы №2025 “Тайлак” баатыр атындагы чек ара аскер кызматы жайгашкан жерге түшкөн. Ал жерге “Нарын аскер чеби”, “Нарын аскер бейтапканасы” жана Нарын дарыясына азыркы аскер бөлүгү менен байланштырып турган “Нарын аскер асма көпүрөсү” курулган.
Шаарда Совет бийлиги 1918-жылы орногон. Граждандык согуш маалында шаарда баш калкалашкан ак гвардиячылар 1920-жылы ноябрда революцияга каршы козголоң чыгарышкан. Шаар 1918-жылдан уезддин, 1926-жылдан кантондун, 1939-жылдан облустун борбору болгон.
1997-жылы апрелде шаардын герби бекитилген. 1997-жылдын 5-сентябрындагы Нарын шаардык Кенешинин XII сессиясында Нарын шаарынын салтанаттуу ыры (гимни) кабыл алынган.
158 жыл илгери негизделген Нарын калаасында учурда 42 миң 476 калк жашайт. Жалпы аянты -5 040 гектарды түзүп, деңиз деңгээлинен 2 040 метр бийиктикте орун алган. Чок ортосунан Нарын дарыясы өтөт