Кыргызстанда эттин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө жана ички рынокто баа туруктуулугун камсыз кылуу максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан уй жана кой этине сунушталган максималдуу дүң жана чекене баалар боюнча рыногунун катышуучулары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуулар түзүлгөн.
Аталган баалар малды багууга, сатып алууга, ташууга, союуга жана этти сатууга чейинки чыгымдарды талдоонун негизинде сунушталууда.
Бишкек шаары боюнча уйдун сулп этинин сунушталган баасы - 870 сомго чейин. Уйдун сөөгү менен этинин сунушталган дүң баасы - 700 сомго чейин, чекене баасы - 770 сомго чейин. Кой этинин сунушталган дүң баасы - 820 сомго чейин, чекене баасы - 880 сомго чейин.
Облустар боюнча сунушталган максималдуу баалар төмөнкүдөй:
Чүй облусу - уйдун сулп эти 850 сомго чейин, сөөгү менен дүң баасы 700 сомго чейин, чекене баасы 770 сомго чейин; кой этинин дүң баасы 800 сомго чейин, чекене баасы 880 сомго чейин;
Нарын облусу - уйдун сулп эти 840 сомго чейин, сөөгү менен дүң баасы 690 сомго чейин, чекене баасы 750 сомго чейин; кой этинин дүң баасы 820 сомго чейин, чекене баасы 840 сомго чейин;
Ысык-Көл облусу - уйдун сулп эти 870 сомго чейин, сөөгү менен дүң баасы 700 сомго чейин, чекене баасы 770 сомго чейин; кой этинин дүң баасы 820 сомго чейин, чекене баасы 840 сомго чейин;
Талас облусу - уйдун сулп эти 850 сомго чейин, сөөгү менен дүң баасы 700 сомго чейин, чекене баасы 770 сомго чейин; кой этинин дүң баасы 800 сомго чейин, чекене баасы 840 сомго чейин;
Ош облусу - уйдун сулп эти 870 сомго чейин, сөөгү менен дүң баасы 690 сомго чейин, чекене баасы 750 сомго чейин; кой этинин дүң баасы 820 сомго чейин, чекене баасы 880 сомго чейин;
Жалал-Абад облусу - уйдун сулп эти 870 сомго чейин, сөөгү менен дүң баасы 700 сомго чейин, чекене баасы 770 сомго чейин; кой этинин дүң баасы 820 сомго чейин, чекене баасы 880 сомго чейин;
Баткен облусу - уйдун сулп эти 880 сомго чейин, сөөгү менен дүң баасы 705 сомго чейин, чекене баасы 775 сомго чейин; кой этинин дүң баасы 820 сомго чейин, чекене баасы 850 сомго чейин.