17-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев менен биргеликте аймактардагы кооптуу тилкелер жана бир катар объекттердеги иштер менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Анда Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылындагы дамбаны калыбына келтирүү иштери, Нарын районунун Жан-Булак айылы менен Дөбөлү айыл аймагына караштуу Сейил-Булак участогундагы Нарын дарыясынын жээк эрозиясынын абалын жеринде көрүп, андан соң Ат-Башы айылындагы Ат-Башы суусунун жээгин бекемдөө жана дамба куруу маселелери каралды.
Муну менен катар райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жаңы имараттарынын курулушу, Нарын районунун Таш-Башат айылындагы Д. Мамбетов атындагы орто мектептин курулушу, Ак-Талаа районунун Терек айылындагы К. Молдобасанов атындагы орто мектептин курулушу текшерилди.
Мындан тышкары, министр К. Чыныбаев жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү маселелерди чечүү боюнча министрликтин облустук башкармалыктарына тапшырмаларды берди.