Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдөгү эки ири ишкананын абалын талкуулаган жыйын өткөрдү
Новость

18-сентябрда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев "Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коомунун жана "Хайдаркан сымап комбинаты" акционердик коомунун учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги боюнча жыйын өткөрдү. 


Жыйында "Майлуу-Суу лампа заводу" боюнча үстүбүздөгү жылы кабыл алынган чечимдердин аткарылышы каралды. Анын ичинде Президенттин фондунан каражат бөлүү, ишкананын уставдык капиталын көбөйтүү жана  Президенттин "Майлуу-Суу электр лампа заводун кайра жандандыруу жөнүндө" Жарлыгын кабыл алуу жана анын базасында индустриалдык парк түзүү боюнча аткарылган иштер боюнча отчетту укту.


Ошондой эле сымап, сурьма жана флюориттин олуттуу запастарына ээ болгон стратегиялык маанидеги "Хайдаркан сымап комбинаты" ишканасын сактап калуу жана анын өндүрүштүк потенциалын калыбына келтирүү боюнча чаралар талкууланды. 


Жыйындын жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга өндүрүштү модернизациялоону тездетүү, ишканалардын финансылык-экономикалык абалын чыңдоо жана рентабелдүү ишин камсыз кылуу, ишканаларга инвесторлорду тартуу, ошондой эле жумуш орундарын сактоо боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.