Балдар үчүн 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттар этап-этабы менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Эми ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр аларды электрондук түрдө мектепке чейинки, жалпы билим берүү жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарына бере алышат.
Электрондук формалар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маалыматтык системалары менен интеграцияланган жана “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.
095/у формасы - ден соолугуна байланыштуу сабактан бошотулгандыгын тастыктаган медициналык маалымкат. 2026-жылдын 24-августунан тартып ал электрондук түрдө гана таризделет. Билим берүү уюмдары анын кагаз түрүндөгү нускасын же көчүрмөсүн талап кылбашы керек.
026/у формасы - баланын ден соолугунун абалы жана профилактикалык медициналык кароолордун жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды камтыган документ. 2027-жылдын 1-январына чейин ал электрондук жана кагаз түрүндө таризделе берет. Электрондук формасы бар болсо, анын кагаз түрүндөгү нускасын талап кылуунун зарылдыгы жок.