"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотуларын маалымдайт.
22-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү аймактарда суу берүү токтотулат:
- Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрү;
- Темир жолдун жээгиндеги аймак;
- "Алтын-Ордо" жана "Кара-Жыгач" конуштары;
- "Полицейский городок".
Суунун өчүрүлүшү "Контррезервуарлар" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө жүргүзүлүүчү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу.
24-сентябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин шаардын төмөнкү аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат:
- Күрөңкеев, Абдрахманов жана Бельская көчөлөрү;
- Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги аймак;
- Жибек Жолу проспектиси;
- Айдарбеков көчөсү;
- БЧК;
- Саадаев көчөсүнүн Күрөңкөев көчөсүнөн Краснодонцев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Ала-Арча дарыясынын түндүк тарабындагы аймак;
- Маевка айылы.
Мындан тышкары, "Красный Строитель", "Ак-Тилек", "Көлмө", "Алтын-Бешик", "Салам-Алик", "Ак-Босого" конуштарына жана Ала-Арча айылына суу берүү убактылуу токтотулат.
Бул күнү суу "Түндүк" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө жүргүзүлүүчү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу өчүрүлөт.
Ишкана жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жарандарды жана уюмдарды ичүүчү суу менен алдын ала камданып алууга чакырат.
Эскерте кетсек, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди "Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот.