МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Президенттин Администрациясынын кызматкерлери масштабдуу жалпы республикалык ишембиликке катышты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө» Жарлыгына ылайык, өлкө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, аларга караштуу мекемелердин, ошондой эле юридикалык жактардын катышуусунда жалпы республикалык ишембилик өткөрүлүүдө.
Экологиялык акция Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк тоосунда өттү. Ишембилик учурунда катышуучулар аймакты катуу тиричилик калдыктарынан тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мындай экологиялык иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруунун жана аймактардын тазалыгын сактоо үчүн ар бир жарандын жоопкерчилигин жогорулатуунун зарылдыгын белгиледи.








