Жаратылыш ресурстары министрлиги мыйзамсыз аңчылыкка ири өлчөмдө айып пул каралганын эскертти
Новость

Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык кылып, сейрек кездешүүчү жана Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарларды аткандарга ири өлчөмдө айып пул салынат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскертти. 

Маалыматка караганда министрликтин инспекторлору тарабынан мыйзамсыз аңчылыкка каршы ыкчам рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Кызыл китепке кирген жаныбарларга карата айып пулдун өлчөмү төмөнкүдөй:
илбирс - 2 млн сом;
аркар-кулжа, марал, күрөң аюу жана жейрен - 1,5 млн сом;
кызыл карышкыр, мадыл жана сүлөөсүн - 50 миң сом;
Орто Азиялык кундуз жана Мензбир сууру - 20 миң сом.

Мындан тышкары, мыйзамсыз аңчылык фактысы боюнча административдик жоопкерчилик жана жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлөт.

"Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айыл аймагынын "Кашка-Суу" жайлоосунда бир баш тоо текеси мыйзамсыз атылганы аныкталган. Бул факт боюнча укук бузуучуга 12 500 сом административдик айып пул салынып, жаратылышка келтирилген зыян үчүн 300 миң сом өлчөмүндө доо коюлган. Материалдар мыйзам чегинде кароо үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Министрликтин маалыматына ылайык, жаратылышты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.