Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык-экономикалык өнүгүүнүн актуалдуу маселелери боюнча аппараттык кеңешме өткөрдү
Новость

21-сентябрда МинКаб Төрагасы - Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бир катар актуалдуу маселелери каралган аппараттык кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы талкууланды. Өзгөчө көңүл үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсияларды жогорулатууга даярдык көрүү маселесине бурулду. Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, индексациянын жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет, ал эми жогорулоонун орточо өлчөмү 1 753 сомду түзөт. Адылбек Касымалиев пенсияларды белгиленген мөөнөттө төлөп берүү үчүн бардык зарыл иш-чараларды өз убагында аягына чыгарууну тапшырды.

Эмгек менен камсыз кылуу маселелерин талкуулоонун алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы жарандар үчүн жумуш издөөдө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул контекстте ал жумуш издөөчүлөргө актуалдуу бош орундарды табууга, ал эми иш берүүчүлөргө жумуш орундарынын бар экендиги жөнүндө маалымат жайгаштырууга мүмкүндүк берген Jumush.gov жана Find-ish санарип платформалары түзүлгөндүгүн белгиледи.

Ошондой эле кеңешмеде өлкө аймактарындагы Беккари чуңкурларынын абалы каралды. Тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына республиканын облустарындагы Беккари чуңкурларына (өлгөн жаныбарларды коопсуз көмүү жана зыянсыздандыруу үчүн атайын курулмалар) толук инвентаризация жүргүзүү, алардын техникалык жана санитардык абалын баалоо, ошондой эле объектилерди тийиштүү абалга келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

Биологиялык калдыктарды утилизациялоонун заманбап ыкмаларын киргизүүгө, анын ичинде жогорку температурада термикалык утилизациялоочу атайын жабдууларда - инсинерация технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Аппараттык кеңешменин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылы социалдык объектилерди жана өнөр жай ишканаларын куруу жана ишке киргизүү маселелери каралды. Аппараттык кеңешменин жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.