Кыргызстандын аскердик контингенти ЖККУнун биргелешкен машыгууларына катышат
Новость

Кыргызстандын аскердик контингенти Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгууларына катышуу үчүн Россияга жөнөп кетти.

Машыгуулар 20-сентябрдан 3-октябрга чейин Россиянын Челябинск облусунда өтүүдө.

Коргоо министрлигинин аскердик контингенти "Өз ара аракеттенүү-2026", "Издөө-2026" жана "Эшелон-2026" биргелешкен машыгууларына, ошондой эле "Борбор-2026" стратегиялык командалык-штабдык машыгуусуна катышат.

Иш-чаралар ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлөт.