22-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында саат 09:00дөн 19:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Мэриянын маалыматына ылайык, чектөө төмөнкү аймактарга киргизилет:
- Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрүнө;
- темир жолдун жээгиндеги аймакка;
- Алтын-Ордо жана Кара-Жыгач конуштарына;
- Полиция шаарчасына.
Суунун убактылуу өчүрүлүшү суу түтүктөрүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
Шаар тургундарына алдын ала суу камдап алуу сунушталат.