Жогорку Кеңештин комитети кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды
Новость

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин комитети кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоору кыймылсыз мүлккө байланыштуу көбөйүп жаткан алдамчылык аракеттерден жарандарды коргоо максатында иштелип чыкканын белгиледи.

“Кыймылсыз мүлккө карата каттоо аракеттерин жүргүзүүгө өз ыктыяры менен тыюу салуу механизмин киргизүү сунушталууда. Тагыраагы, мыйзам долбоору алдамчылык аракеттердин алдын алууга жана жарандарды, биринчи кезекте улгайган адамдарды үчүнчү жактардын мыйзамсыз аракеттеринен улам кыймылсыз мүлкүнөн ажырап калуудан коргоого багытталган”, - деди эл өкүлү.

Ошондой эле Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда коюлган тыюуну алып салуу жөнүндө чечим 24 сааттан кийин күчүнө кирери каралганын кошумчалады. Муну менен катар жарандардын укуктарын кошумча коргоо максатында бул мөөнөттү 72 саатка чейин узартуу боюнча сунушту колдой турганын белгиледи.