Кыргызгидромет берген маалыматка ылайык, бул аптада өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Апта ичинде өлкөнүн көпчүлүк аймагында абанын температурасы төмөндөп, айрым аймактарда жаан-чычын күчөйт.
22-сентябрда Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында жамгыр жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн бүркөк болот.
Чүй жана Талас өрөөнүндө 23-сентябрдан тартып абанын температурасы күндүз 23 градуска, түнкүсүн 7 градуска чейин төмөндөп, жамгыр жаайт. Суусамырда түнкүсүн температура -4 градуска чейин түшүп, үшүк жүрөт.
Ысык-Көл жана Нарын облустарында күндүз абанын температурасы 20 градуска чейин түшүп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, түнкүсүн температура -8°C чейин төмөндөшү күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз абанын температурасы +24 градус, түнкүсүн 8 градуска чейин түшүп, жамгыр жаашы күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу ашуулар аркылуу жолго чыга турган айдоочуларды Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоого жана аба ырайынын өзгөрүшүнө даяр болууга чакырат.