Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу Нью-Йоркто өтүп, анда Кыргызстандын экономикасынын учурдагы абалы, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана америкалык бизнес менен ишкердик байланыштарды кеңейтүүнүн келечеги боюнча түз диалог үчүн аянтча түзүлдү.












