Адылбек Касымалиев Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушту
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында бешинчи Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн аянтчасында Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылы Анвар Ибрагимдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары жана 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапары белгиленди.

Тараптар жетишилген макулдашууларды практикалык түрдө ишке ашырууну камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.Аңгемелешүүнүн алкагында кыргыз-малайзия кызматташтыгын өнүктүрүү жана соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү арттыруу келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өткөн жылы өз ара соода жүгүртүү дээрлик алты эсеге өскөндүгүн белгиледи. Бул контекстте ал эки өлкөнүн мамлекеттик органдары жана ишкер чөйрөлөрү ортосундагы байланыштарды чыңдоо аркылуу, анын ичинде эки тараптуу сооданы диверсификациялоо жана кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип кароону сунуштады.

Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын ишин жандандырууну сунуштады. Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим өз кезегинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр экендигин билдирди.