Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандарга эскертүү берилди
Новость

Кыргызстанда 1–4-октябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, айрым аймактарда катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, нөшөрлүү жаан-чачындан улам айрым аймактарда сел жүрүү коркунучу жаралышы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.

Ошондой эле батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши күтүлүүдө.

ӨКМ бийик тоолуу жайыттарда жүргөн чабандарга малды алдын ала коопсуз жана төмөнкү аймактарга түшүрүүнү сунуштайт.

Мындан тышкары, жарандар аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу сактык чараларын көрүп, сел жүрүү коркунучу бар жана башка кооптуу аймактардан алыс болушу зарыл.