Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 4-октябрда Ливан менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюн Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда кечки саат 20:00дө башталат.
Бул курама команданын жаңы башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимовдун жетекчилиги астындагы экинчи беттеши болот. Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде 105-орунда болсо, Ливан курамасы 115-катарда.
Ак шумкарлар буга чейин, 28-сентябрда Мальдив аралдары менен достук беттеш өткөрүп, 5:0 эсебинде ишенимдүү жеңип алган. Бул беттеш Кыргызстан курамасынын 2027-жылкы Азия кубогунун финалдык баскычына көрүп жаткан расмий даярдыктарынын алкагында уюштурулууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын командасы 2026-жылы жалпы 8 беттеш өткөрүп, анда 4 жолу жеңишке ээ болсо, 4 оюнда жеңилген.