Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Башкы прокуратуранын алдындагы «Укук» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо үчүн Jumush.gov.kg жана Find-Ish.gov.kg бирдиктүү электрондук порталдарын ишке киргизди. Платформалар 2026-жылдын 22-июлунан тартып пилоттук режимде иштеп жатат.
Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Наргиза Түркебекованын брифингде берген маалыматына караганда, жаңы система жумуш издеген жарандарды, иш берүүчүлөрдү жана мамлекеттик органдарды бирдиктүү санариптик чөйрөгө бириктирүүгө багытталган.
"Бүгүнкү күндө миңдеген жарандарыбыз татыктуу жумуш издеп жатышат, ал эми иш берүүчүлөр квалификациялуу адистерге муктаж. Мамлекеттин негизги милдети – бул эки тараптын ортосунда мүмкүн болушунча ачык, тез жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу", – деп белгиледи ал.
Порталдар аркылуу жарандар өлкө боюнча актуалдуу бош жумуш орундар базасына кире алышат, жумуш издеген адам катары каттала алышат, Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө барбастан арыз бере алышат, резюмелерин жайгаштырып, иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзө алышат.
Иш берүүчүлөргө бош жумуш орундарын өз алдынча жана акысыз жайгаштыруу, керектүү адистерди издөө жана бош жумуш орундары тууралуу маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
"Эң негизгиси – порталдагы бардык кызматтар жарандарга жана иш берүүчүлөргө толугу менен акысыз көрсөтүлөт", – деди Туркебекова.
Анын айтымында, платформалардын милдети бош жумуш орундарын гана жайгаштыруу менен чектелбейт. Система жумушчу күчүнө болгон суроо-талапты талдоого, талап кылынган кесиптерди аныктоого жана адистер жетишсиз болгон аймактарды аныктоого мүмкүндүк берет.
"Бул маалыматтар кесиптик билим берүүнү, кадрларды даярдоону жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты туура багыттоого жардам берет", – деп белгиледи ал.
Эмгек миграциясынан кайтып келген жарандарга да өзгөчө көңүл буруу пландалууда. Аларга чет өлкөдө топтогон тажрыйбасын колдонууга жана өлкө ичинде жумуш табууга көмөк көрсөтүү каралууда.
Кийинки этапта жеке сектор үчүн "Электрондук эмгек келишими» жана «Электрондук эмгек китепчеси" модулдарын киргизүү пландалууда.
Наргиза Түркебекова ошондой эле санариптештирүү адам факторунун таасирин жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүдө негизсиз кийлигишүү тобокелдиктерин азайтууга тийиш экенин белгиледи.