"Ала-Тоо 24" логотиби менен тарап жаткан "Кыргызнефтегаздан жумасына 40 миң сом табасыз" деген видео чындыкка дал келбейт. Бул - элди оңой киреше убадасы менен азгырган жалган жарнаманын белгилери бар материал.
Шылуундар заманбап технологиялар аркылуу адамдардын үнүн, сөзүн жана видеосун жасалма интелектин жардамынан колдонуп, элдин ишенимине кирүүгө аракет кылышууда. Таанымал жүздөр же телеканалдын логотиби маалыматтын чын экенине кепилдик бербейт.
Шектүү шилтемелерге өтпөңүз, акча которбоңуз, жеке жана банктык маалыматтарыңызды, SMS-коддорду бербеңиз.
Маалыматты расмий булактардан текшериңиз. Өзүңүздү жана жакындарыңызды алдамчылардан сактаңыз!