Азия оюндары: Жоломан Шаршенбеков түркмөнстандык спортчуну 8:0 эсебинде жеңип, жарым финалга өттү
Новость

Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргызстан курамасынын балбаны Жоломан Шаршенбеков ийгиликтүү жүрүшүн улантууда.

Эркектер арасында 60 кг чейинки салмак категориясынын 1/4 финалдык этабында Жоломан Шаршенбеков Түркмөнстандын өкүлү Азатжан Ачилов менен беттешти. 

Кармаштын жүрүшүндө мекендешибиз абсолюттук үстөмдүк көрсөтүп, атаандашына бир да упай бербестен 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алды.