Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 97 кг чейинки салмак категориясы боюнча 1/4 финалдык беттештер өттү.
Кыргызстан курамасынын өкүлү Узур Жузупбеков 1/4 финалда Ирандан келген Мехди Балихамзе менен беттешти. Кармаштын жыйынтыгында ирандык спортчу 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Эгерде Мехди Балихамзе мелдештин финалына чыкса, Узур Жузупбеков коло медаль үчүн жубатуучу беттештерге чыгууга мүмкүнчүлүк алат.