Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна караштуу Достук айылында 750 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу аяктады.
Маалыматка ылайык, билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан курулган.
Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Долбоор боюнча жалпы аянты 6500 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу заманбап мектеп имараты салынды.
Мектепте окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.
Курулуш иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин көзөмөлүндө жүргүзүлгөн.
Учурда негизги курулуш иштери аяктап, имараттын ички жасалгалоо жумуштары, эмеректерди жайгаштыруу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Жаңы мектептин ишке берилиши аймактагы билим берүү мекемелерине болгон жүктү азайтып, окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.







