Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин Карылар күнүнө карата куттуктады
Новость

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиевдин Карылар күнүнө арналган куттуктоо сөзү:

 

“Кадырлуу аталар, кымбаттуу энелер!

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!

 

Кыргыз эли эзелтен улууну урматтап, алардын сөзүн, акыл-насаатын, өмүр жолун жана ак батасын өзгөчө барктап келген. Бул – ата-бабадан калган нарк гана эмес, муундарды бириктирип, элдин тарыхый эс-тутумун сактап турган руханий мурас.

Улуу муундун басып өткөн жолу – кийинки муун үчүн чоң сабак. Сиздердин өмүрүңүздөрдө элибиздин тарыхы, замандын оош-кыйышы, эмгек менен турмуштун тажрыйбасы, эл-жерге болгон жоопкерчилик камтылган. Ошондуктан улуулардын сөзүн угуу – келечекке жол чабуунун бирден бир жолу.

Кыргызда сөздүн кадыры бийик. Сөз, бата, санат-насыят аркылуу атадан балага, улуудан кичүүгө өтүп келген руханий дөөлөттөр бүгүн да өз маанисин жоготкон жок. Убакыт өзгөрөт, заман жаңыланат, бирок элдин эсинде калган нарк кийинки муундар менен жашай берет.

Бүгүн мамлекетибиздин маанилүү милдеттеринин бири – улуу муундун татыктуу жашоосуна шарт түзүү, алардын социалдык жана медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, коомдук турмушка активдүү катышуусуна жана топтогон бай тажрыйбасын жаштарга өткөрүп берүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү.

2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында улуу муундун жашоо сапатын жакшыртууга багытталган бир катар милдеттер белгиленген. Алардын арасында улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтарды өнүктүрүү, активдүү узак өмүр сүрүүгө шарт түзүү жана геронтология тармагын өнүктүрүү каралган. 2030-жылга карата улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү геронтологиялык үч борборду куруу максаты коюлган.

Мамлекет тарабынан улуу муундун социалдык жактан корголушун күчөтүүгө багытталган иштер да улантылууда. Пенсиялык камсыздоого бөлүнгөн каражат 2021-жылдагы 55 миллиард сомдон бүгүнкү күндө 125 миллиард сомго чейин көбөйдү. 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомду түзөт.

Ошол эле учурда улуу муунга болгон урмат мамлекеттик саясаттын гана эмес, ар бир үй-бүлөнүн жана ар бир жарандын күнүмдүк мамилеси болушу керек.

Ата-энени сыйлоо, улуунун батасын алуу, алардын акыл-насаатын урматтоо – элибиздин ынтымагын бекемдеген баалуулуктар. Бул нарк муундан муунга өтүп, коомубуздун руханий пайдубалын бекемдей берүүгө тийиш.

Ардактуу Аталар, Апалар!

Сиздердин өмүр тажрыйбаңыздар – жаштарга даяр сабак, акыл-насаатыңыздар – убакыт өткөн сайын баркы арткан мурас.

Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, жан дүйнө бейкуттугун жана үй-бүлөлүк бакубатчылыкты каалайм. Балдарыңыздардын, неберелериңиздердин сый-урматына бөлөнүп, алардын ийгиликтерине күбө болуп, үй-бүлөңүздөрдүн төрүндө аман-эсен жүрө бериңиздер.

Улуу муундун батасы элибизге дем, жаш муундун урматы улууларга кубат болсун.

Ар бир үйдө береке, ар бир үй-бүлөдө ынтымак, элибизде тынчтык, өлкөбүздө туруктуу өнүгүү болсун!”