Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын биринчи улуттук спутнигин учурууга байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Лос-Анжелес шаарына келди. Спутник SpaceX компаниясынын ракета алып жүрүүчүсү аркылуу орбитага чыгарылат.
Аэропорттон Мамлекет башчысын SpaceX компаниясынын глобалдык өнүгүү боюнча директору Ребекка Хантер тосуп алды.


