2026-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги отурумуна катышты.
Жыйында эл аралык полициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, баңгизат кылмыштуулугуна жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү, ошондой эле кылмыштарды ачууда заманбап технологияларды колдонуу маселелери талкууланды. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштө жаңы технологияларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
Улан Ниязбеков өз сөзүндө Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Министр маалыматтарды ыкчам алмашуу, чек ара аралык кылмыштуу байланыштарды биргелешип аныктоо жана кылмыштуу ишмердүүлүктү координациялаган адамдарды табуу багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштады.
Ошондой эле ал 2027-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүү пландалып жатканын билдирип, КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрликтеринин өкүлдөрүн ага катышууга чакырды.
Жыйындын жүрүшүндө Улан Ниязбеков кесиптештерин КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин Кеңешинин 30 жылдыгы менен куттуктап, мындан ары да өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин билдирди.
Отурумдун жыйынтыгында 2029–2033-жылдарга карата кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программасынын долбоорун даярдоо жана укук коргоо тармагындагы эл аралык келишимдердин үстүндө иш алып баруу маселелери каралды.


