Кыргызстан менен Россиянын Жогорку соттору кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту
Новость

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин чакыруусу менен Россия Федерациясынын Жогорку Сотунун төрагасы Игорь Краснов Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

"Манас" эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн Жогорку сотторунун төрагалары Бишкектеги Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим этишти.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик резиденциясында Медербек Сатыев менен Игорь Красновдун эки тараптуу жолугушуусу өттү. Анда сот өндүрүшү тармагында тажрыйба алмашуу жана эки мамлекеттин жогорку сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле тараптар "Сот тутумунун көз карандысыздыгын жана аброюн чыңдоонун укуктук маселелери" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Медербек Сатыев өз сөзүндө сот бийлигинин көз карандысыздыгын мыйзамдарда бекитүү менен гана чектелбестен, аны иш жүзүндө камсыз кылуу маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, сот бийлигинин реалдуу көз карандысыздыгы бекем укуктук негизге, финансылык өз алдынчалыкка жана санариптик суверенитетке таянышы керек.

Игорь Краснов өз кезегинде санариптик технологиялардын өнүгүшү менен киберкылмыштуулук, жасалма интеллектти мыйзамсыз пайдалануу, криптоактивдердин кылмыштуу жүгүртүлүшү, дипфейктер жана башка жаңы коркунучтар пайда болуп жатканын белгиледи. Ал мындай шартта сот системаларынын ортосунда кесиптик тажрыйба алмашуу өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Медербек Сатыев менен Игорь Краснов Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Россия Федерациясынын Жогорку Сотунун ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Документ сот адилеттиги институтун өнүктүрүүгө, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого жана сот практикасы боюнча туруктуу тажрыйба алмашууга багытталган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттиги жогорку мектеби менен В.М. Лебедев атындагы Россия мамлекеттик сот адилеттиги университетинин жетекчилери билим берүү, илимий жана маданий багыттардагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюшту.