Жукеев-Пудовкин көчөсүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет
Новость

Бишкек шаарында 3-октябрда Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн айрым тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

"Бишкекжылуулук тармагы" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, чектөө саат 07:00дөн 23:00гө чейин күчүндө болот. Буга асфальттын бузулган бөлүктөрүн алмаштыруу иштери себеп болууда.

Унаа кыймылы төмөнкү тилкелерде чектелет:

  • Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейин;
  • Карасаев көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин.

Муниципалдык ишкана шаар тургундарын жана айдоочуларды убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду тандоо сунушталат.