4–5-октябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, күн сууктайт. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында нөшөрлөп жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн.
Ошондой эле абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, айрым жерлерде 15–20 метрге чейин күчөшү күтүлөт.
Ысык-Көл облусунун батыш тарабында шамалдын ылдамдыгы секундасына 19–24 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Мындай туруксуз аба ырайы жол кыймылын жана жайыттарда мал кармоону кыйындатышы мүмкүн. Жарандарга аба ырайынын өзгөрүшүн эске алып, зарыл болгон коопсуздук чараларын көрүү сунушталат.