Нурдан Орунтаев “Кудайбергендеги” курулуштун жүрүшү менен таанышты
Новость

1-октябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы “Кудайберген” турак жай комплексине барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, “Дөөлөт курулуш” компаниясынын каржылык көйгөйлөрүнө байланыштуу “Кудайберген” турак жай комплексиндеги курулуш иштери токтоп, үлүш ээлеринде бир катар маселелер жаралган.

2026-жылдын февраль айында компаниянын объектилеринде курулуш иштерин жандандыруу башталып, компаниянын 99 пайыздык үлүшү Курулуш министрлигине караштуу “Курулуш дирекциясына” өткөрүлүп, мамлекеттик реестрге катталган.

Берилген убадалардын негизинде “Кудайберген” турак жай комплексинде курулуш иштери кайра башталып, бүгүнкү күндө объектте активдүү иштер жүрүп жатат.

Учурда комплексинде 100гө жакын куруучу эмгектенип, курулуш-монтаждоо иштери уланууда. Министр иштердин бекитилген башкы планга жана графикке ылайык жүргүзүлүшүнө көңүл бурду. Иштин көлөмүнө жараша жумушчулардын саны мындан ары да көбөйтүлөт.

Негизги максат - курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аяктап, көп жылдан бери турак жайларын күтүп жаткан үлүш ээлерине батирлерин өткөрүп берүү.