Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы отуруму болуп өттү, анын алкагында актуалдуу маселелер каралып, документтерге кол коюлду
Новость

Минск шаары, Беларусь Республикасы, 2026-жылдын 2-октябры — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты.

Анда сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, ЕАЭБ алкагында бизнес жана жарандар үчүн шарттарды тынымсыз жакшыртып, механизмдер өзгөрүп жаткан экономикалык реалдуулукка өз убагында ылайыкташтырып, зарыл болгон учурда аларды ишке ашыруу ыкмаларын кайра карап чыгуу керектигин белгиледи. 

“Улуттук чечимдерди ишке ашыруу боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы тыгыз кызматташтык чечүүчү мааниге ээ. Баарыбыздын жалпы максатыбыз — керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, рыноктун ачыктыгын жогорулатуу жана мыйзамсыз продукциянын жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү. Дүйнөлүк сооданын географиясы өзгөрүп жаткан чакта, биздин кургактыктагы транспорттук коридорлорубуз өзгөчө мааниге ээ болууда. Ошол эле учурда, тышкы каттамдарды өнүктүрүү иштери Биримдиктин ичиндеги үзгүлтүксүз байланышты камсыздоо менен коштолушу зарыл. Биримдиктин ички чек араларында физикалык тоскоолдуктар дагы деле сакталууда. Жүк ташуучу унаалар текшерүүдөн өтүү үчүн кезекте туруп калганда, бул жалпы рыноктун түпкү маңызына сокку урат. Айыл чарба продукциясын өндүргөн чакан ишкер үчүн бир күндүк кечигүү эле продукциянын бузулушуна, ал тургай көп учурда ишмердүүлүктүн толугу менен токтоп калышына алып келиши мүмкүн”, — деди МинКаб Төрагасы. 

Адылбек Касымалиев, товар агымдарын расмий экономикага тартууга багытталган бардык куралдарды — навигациялык пломбаларды, электрондук жүк коштоочу документтерди, продукциянын изин кууп жетүү жана маркировкалоо механизмдерин, ошондой эле шайкештикти баалоо системаларын — бирдиктүү санариптик алкакка бириктирүү зарылдыгын айтып сөзүн улады. Бул жакынкы келечекте ачык-айкын көзөмөлдү камсыз кылган жана бизнес үчүн жол-жоболорду мүмкүн болушунча ыңгайлуу кылган комплекстүү санариптик системаны түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев энергетикалык ресурстар жаатында тыгыз кызматташтыкты улантуу жана жеткирүүлөрдүн ишенимдүүлүгү менен туруктуулугун камсыз кылуу менен бирге, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин болгон потенциалын натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

“Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүү аркылуу өз убагында жана үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келе жаткан өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз. Мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүү иштери аяктаганга чейин, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте, Комиссияга мунай продуктуларынын айрым түрлөрүнүн тартыштык тобокелдиги жаралган учурда маалымат алмашуунун жана консультацияларды өткөрүүнүн ыкчам тартибин иштеп чыгууну сунуштайм. Биз биргелешип кызматташтыгыбызды бизнес жана жарандарыбыз үчүн мазмундуураак жана пайдалуураак кылаарыбызга ишенем”, — деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев.

Жыйынга Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер: Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, ал эми Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян онлайн форматта кошулду. Мындан тышкары ЕАЭБге байкоочу мамлекет Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Иран Ислам Республикасынын, Куба Республикасынын делегация башчылары, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.

Күн тартибине ондон ашуун маселе киргизилген Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги тар жана кеңейтилген курамдагы отурумдарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.