Азия оюндары: Эркин күрөш боюнча спортчу Орозобек Токтомамбетов кытайлык спортчуну 9:2 эсебинде жеңип алды
Новость

Азия оюндарында эркектер арасында эркин күрөш боюнча 74 кг чейинки салмак ченинде беттештер өтүүдө.

Спортчу Орозобек Токтомамбетов 1/8 финалдык этапта Кытайдын балбаны Лу Фэн менен кез келди. 

Мелдештин жүрүшүндө мыкты тактикалык даярдыгын көрсөткөн мекендешибиз атаандашын 9:2 эсебинде утуп, чейрек финалга жолдомо алды.