Эркин күрөш боюнча спортчу Бекзат Алмаз уулу чейрек финалга чыкты
Новость

Азия оюндарында эркектер арасында эркин күрөш боюнча 57 кг чейинки салмак ченинде 1/8 финалдык беттештер аяктады.

Кыргызстандын өкүлү Бекзат Алмаз уулу Чыгыш Тимордун спортчусу Лоуренсо де Оливейра да Коста менен кез келди. 

Беттеште толук үстөмдүк кылган мекендешибиз 11:0 эсеби менен ишенимдүү жеңиш менен чейрек финалга жолдомо алды.