Азия оюндары: Эркин күрөшчү Орозобек Токтомамбетов непалдык атаандашын 10:0 эсебиндежеңип, жарым финалга өттү
Новость

Азия оюндарында эркектер арасында эркин күрөш боюнча 74 кг чейинки салмак ченинде чейрек финалдык беттештер аяктады.

Кыргызстандын өкүлү Орозобек Токтомамбетов Непалдын балбаны Суреш Чунара менен кез келди. 

Беттеште толук үстөмдүк кылган мекендешибиз атаандашына бир да упай бербестен, 10:0эсебинде мөөнөтүнөн мурда (техникалык артыкчылык менен) жеңишти камсыздап, жарым финалга жолдомо алды.