Марлен Маматалиев ар кыл тармактын алдыңкы адистерине Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды
Новость

Бүгүн, 5-октябрда Төрага Марлен Маматалиев ар кыл тармактын алдыңкыларына Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземинде мамлекеттин өнүгүшү ар бир жарандын жасаган ишине көз каранды экенин белгилеген Төрага: “Кыргызстандын башкы байлыгы – эл. Ошондуктан, элибиздин бакубат жашоосу үчүн кам көрүп, өлкөбүздүн келечеги үчүн талыкпай иш алып баруубуз кажет. 

Мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого алып, ар бир адис өз тармагында ийгилик жарата алганда гана өлкөбүздө өнүгүү болот”, – деп кошумчалады. 

Эскерте кетсек, сыйлыктар билим берүү тармагында жаш муундарга татыктуу тарбия берип келе жаткан мугалимдерге, адам өмүрүн сактоону кесиптик милдети катары аркалаган дарыгерлерге, өлкөбүздүн намысын эл аралык спорттук ареналарда коргогон спортчуларга жана машыктыруучуларга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, маданият өкүлдөрүнө, коомдук ишмерлерге  жана ар кыл тармакта үзүрлүү эмгектенип келе жаткан алдыңкы адистерге берилди.