Манас шаарындагы Б. Осмонов атындагы мектепке 61 жылдан кийин жаңы окуу корпусу курулду
Новость

Курулуш министрлиги тарабынан Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулду. Алардын бири - Б. Осмонов атындагы №5 жалпы билим берүү мектебинин 375 орундуу жаңы окуу корпусу. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мектепке 61 жылдан кийин курулган үч кабаттуу кошумча корпус 375 окуучуга ылайыкталып, эки нөөмөттө иштеген шартта 700гө жакын окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

Имаратта заманбап конструктивдик жана инженердик чечимдер колдонулуп, 102 кВт кубаттуулуктагы күн панелдери орнотулган. Окуу класстары, спорт жана жыйындар залдары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттеринде заманбап шарттар түзүлүп, медициналык кабинеттер каралган.

Объекттин курулушу 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Курулуш иштеринин ар бир этабы министрликтин тиешелүү департаменттери тарабынан текшерилип турду.

Жаңы корпус жакынкы күндөрү пайдаланууга берилери күтүлүүдө.