Бүгүн, 5-октябрда борбор калаадагы Бишкек Арена стадионунун расмий ачылышы өтөт. Салтанаттуу ачылышка карата уюштурулган чоң концертке Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн белгилүү жылдыздары катышат.
Анын ичинде Эл аралык жана чет элдик ырчылар Redfoo & Party Rock Crew (LMFAO), Ninety One тобу, "Ирина Кайратовна", Yenlik, Кайрат Нуртас, кыргыз ырчыларынан Мирбек Атабеков, Бек Борбиев, Азат Раимбердиев, Jax, King Macarella, "Eles" тобу жана башкалар ырдашат.
Стадиондун ачылышын саат 19:00дө УТРКнын Ютубдагы каналынан түз эфирден көрө аласыздар.