Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, Бишкек Арена стадионунун салтанаттуу ачылышына катышып, сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы бүгүн Президенттин командасы бийликке келген күндөн бери туура алты жыл өткөнүн белгиледи. Бул жылдар аралыгында өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга, экономикалык чөйрөдөгү иштерди жолго коюуга, ошондой эле мамлекеттин ички жана тышкы саясатын иретке келтирүүгө жетишилгенин айтты.
«6 жылдын ичинде 1 075 ушундай имараттарды, объекттерди курган болсок, ошонун бири мына бүгүнкү ушу Бишкек Арена стадиону. 1075 имараттын ичинде бул мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият имараттары жана башкалар бар. Андан сырткары 521 завод-фабрикаларды куруптурбуз», - деди Садыр Жапаров.
Ал стадион ачылганга чейин «аны куруунун ордуна завод же фабрика курган жакшы болмок» деген ар кандай пикирлер айтылганына токтолду.
«Завод, фабрикаларды да салып жатканыбызды мына мен жогоруда айттым. Анын ичинде Бишкек Арена дагы бар. Бул стадион дагы ошол заводдордун бир орточо же болбосо чоңураагын алганда дагы ошол заводдон кем эмес киреше алып келип берип турат. Мына көрүп жатасыздар, кезекке тура башташты», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент мындан бир нече жыл мурда, 2020-жылдын аягында, мамлекеттик бюджет өтө оор абалда болгонун эске салды. Мамлекет алдында бюджеттин тартыштыгын жабуу жана тышкы карыз боюнча милдеттенмелерди аткаруу маселеси турган.
Бирок 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджет 187 млрд сом өлчөмүндөгү оң көрсөткүч менен аткарылган.
«Биздин ички дүң продукциябыз 21-жылдын аягында өсө баштаган. 9%дан кем эмес, мына 4-5 жылдан бери токтобой өсүп келет.
Муну эмне үчүн айтып жатам. Анткени кээ бир массалык маалымат каражаттары жазып айтып жатышпайбы өздөрүнүн ой-пикирлерин: «2022-жылы Россия менен Украинанын ортосунда согуш болуп кеткендигине байланыштуу Кыргызстандын экономикасы экспорт кылып өсүп жатат» - деп.
Жок, андай эмес. 2021-жылдын аягын карагыла, ошондон бери түшпөй келет.
Биз экономикабызды криминалды жок кылгандан, коррупцияны жок кылып жаткандан — 100% жок кыла албасак дагы, күрөшүп жатабыз, жок кылабыз аягына чейин — мына ошонун пайдасынан экономикабыз ушунтип өсүп жатат », - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.
Ал экономиканын өсүшү биринчи кезекте кылмыштуулукту жоюу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен байланыштуу экенин кошумчалады.
«Биз экономикабызды криминалды жок кылгандан, коррупцияны жок кылып жаткандан - 100% жок кыла албасак дагы, күрөшүп жатабыз, жок кылабыз аягына чейин - мына ошонун пайдасынан экономикабыз ушунтип өсүп жатат.
Эң негизгиси: тынчтык, биримдик, ынтымак болуп турса, экономикабыз мындан ары дагы өсө берет, бизди эч ким сындыра албайт.
Мындай стадиондон дагы онун салабыз! Миңдеген спутниктерди учурабыз жана социалдык объектилерди курабыз! Завод-фабрикаларды салабыз! Социалдык объекттерди, мектеп, бала бакчаларды салабыз», - деди Президент Садыр Жапаров.
Сөзүнүн соңунда Президент мамлекет алдына 2027-жылы 111 мектеп куруу жана 44 райондук оорукана бөлүмдөрүнүн курулушун аяктоо максаты коюлганын белгиледи. 2028-жылдан тартып мектептердин жана башка социалдык объектилердин жетишсиздиги көйгөй болбошу керек.
Мамлекет башчысы жакынкы жылдары Кыргызстанда дагы ондогон заманбап стадиондор жана спорттук объектилер ачылып, өлкөдө жакшы жана жаратмандыкка багытталган гана окуялар болуп турушун каалады.
Андан соң иш-чара ата мекендик жана чет элдик өнөрпоздордун катышуусундагы концерттик программа менен уланды.


