Бишкек Арена шаң менен салтанаттуу ачылды
Новость

5-октябрда борбор калаада көптөн күткөн заманбап Бишкек Арена стадионунун салтанаттуу ачылышы өтүүдө.

Саамалыктын эсте каларлык жана толкунданткан учурларынын бири - мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун эл алдына чыгып, өлкө элин бул тарыхый окуя менен куттуктаганы болду. 

Президент салттуу трибунада эмес, элге жакын форматта сөз сүйлөп, стадиондогу көрүүчүлөргө кайрылды.
Стадионго 65 миң көрүүчү чогулса, интернет айдыңында миллиондогон көрүүчүлөр Бишкек Аренанын ачылышына күбө болушууда.

Салтанат чоң шоу-концерт менен коштолуп, сахнага ата мекендик жана чет өлкөлүк таанымал артисттер чыгууда. Алар көрүүчүлөргө мыкты чыгармаларын тартуулап, стадиондун ачылышын өзгөчө шаңга бөлөшүүдө.