Өлкө боюнча 20 социалдык объект ачылды
Новость

Бүгүн, 6-октябрда республика боюнча 20 социалдык объекттин ачылышы болду. Бишкек шаарындагы Патрис Лулумба көчөсүндө курулган жаңы мектептин ачылышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Иш-чаранын алкагында өлкө боюнча калган 19 социалдык объект онлайн форматта пайдаланууга берилди.