Бүгүн, 6-октябрда, Жаштык арена спорт комплексинде күрөш легендасы, эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасына жана СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жеңиш Дөңбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, спорт өкүлдөрү, кесиптештери, шакирттери жана маркумдун жакындары катышты.
Урмат Садырович өз сөзүндө Жеңиш Дөңбаевдин кыргыз күрөшүнө кошкон зор салымын белгилеп, анын бай тажрыйбасы жана тарбиялаган шакирттери кыргыз спортунун тарыхында өчпөс из калтырганын айтты. Ошондой эле маркумдун эмгеги жаш муундар үчүн үлгү болуп каларын белгилеп, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Маркумдун сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.




