Бүгүн, 6-октябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда Ысык-Көл облусу, Тон районунун Кара-Талаа айылындагы А. Алаков атындагы 275 орундуу жаңы мектеп ачылды.
Эки кабаттуу мектеп имараты үч блоктон туруп, жалпы аянты 2980,2 чарчы метрди түзөт. Мектепте башталгыч жана жогорку класстар үчүн окуу бөлмөлөрү, спорт залы, ашкана, физика, химия жана география кабинеттер каралган.
Мектепте заманбап инженердик жана конструктивдик чечимдер колдонулуп, окуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз билим алуу шарттары түзүлгөн.
Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

