Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү комузчу жана күүчү Намазбек Уралиевдин 70 жылдык мааракесине карата комузчулардын республикалык ачык сынагы өткөрүлөт.
Сынак кыргыздын салттуу музыкалык өнөрүн колдоо жана өнүктүрүү, улуттук музыкалык мурасты сактоо, ошондой эле таланттуу комузчуларды аныктап, алардын чыгармачылыгын колдоого багытталган.
Катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынат. Тандоо туру 22-октябрда К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында өтөт.
Мааракелик салтанаттуу иш-чара жана сынактын жеңүүчүлөрүнүн гала-концерти 24-октябрда саат 14:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Иш-чара кыргыздын комузчулук өнөрүн кеңири жайылтууга, салттуу музыкалык маданиятты сактоого жана анын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө багытталган.